Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын тапшыруунун XVI аземине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Салтанатка Кыргызстанга иш сапары менен келген Ханзаада Рахим Ага-Хан V катышты.
Өз сөзүндө МинКаб төрагасы Кыргыз Республикасы үчүн архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын тапшыруу аземи чоң сыймык жана жоопкерчилик экенин белгиледи.
“Бул салтанаттуу иш-чарага дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринен 200дөн ашуун белгилүү архитекторлор, илимпоздор жана жогорку даражалуу коноктордун келип катышуусун биздин өлкөнү баалап, урмат-сый көрсөтүү деп кабыл алабыз. Биз сиздерди Ала-Тоонун койнунда, кең пейил кыргыз жеринде тосуп алганга кубанычтабыз. Бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бул сыйлык жарым кылымга жакын убакыттан бери көрүнүктүү архитектуралык долбоорлорду таануунун гана эмес, гуманизмдин, маданий көп түрдүүлүктүн жана адам менен жаратылыштын ортосундагы гармонияга умтулуунун символу болуп келет. Ага Хан сыйлыгы башка көптөгөн сыйлыктардан айырмаланып, имараттардын кооздугун же формасын гана эмес, алардын коомго тийгизген таасирин, маданий мурасты сактоодогу ордун, коомчулукту өнүктүрүүдөгү маанисин да баалайт. Бул сыйлык архитектура — ашкере байлык эмес, зарылчылык экенин, келечек муундар алдындагы жоопкерчилик экенин айкын көрсөтүп турат. Климаттын өзгөрүшү, урбанизация жана социалдык сыноолорго туш болгон мезгилде дал ушундай долбоорлор бизге үмүт берип, туруктуу жана адилеттүү келечекти куруунун жолун көрсөтүп жатат”, — деди ал.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан ар дайым өзүнүн бай тарыхый мурасы, кайталангыс маданияты жана архитектурасы менен өзгөчөлөнүп келгенин айтып сөзүн улантты. Элдин жашоо образы, анын маданий баалуулуктары кылымдар бою архитектуралык эстеликтерде чагылдырылып келген. Байыркы Баласагын жана Өзгөн шаарлары, Бурана мунарасы, Өзгөндөгү архитектуралык комплекс жана күмбөздөр, Таш-Рабаттагы кербен сарайлар – мунун баары ата-бабаларыбыздын чыгармачылык мурасынын, дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымынын далили.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстандын курулуш тармагы өзгөчө динамикалуу өнүгүп жатат. Бүгүн масштабдуу курулуштун жана архитектуралык өнүгүүнүн жаңы барагы ачылууда. Алардын айрымдары:
жашоо жана бизнес жүргүзүү үчүн заманбап борборго айлана турган “Кемин-Сити” жаңы экологиялык таза шаарын куруу; транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатып гана тим болбостон, энергия үнөмдөөчү жана заманбап инженердик чечимдер менен курула турган “Жалал-Абад” жаңы аэропорту; дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү, бирок жаратылышка зыян келтирбестен, тескерисинче аны коргоп-колдогон “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластери; аймактын транспорттук жана экономикалык байланышын кыйла күчөтө турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол коридору.
МинКаб Төрагасы өзгөчө архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгын тапшыруу аземи Кыргыз Республикасы менен Ага Хан Фондунун кызматташтыгынын 25 жылдыгынын алкагында өтүп жатканын белгиледи.
“Кыргыз Республикасы менен Ага Хан фонду ортосундагы өнөктөштүк акыркы чейрек кылымда ишенимге, өз ара колдоого жана жаратмандыкка негизделди. Бул кызматташтыктын алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, маданият тармактарында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга чоң салым кошулду. Биз мындан ары да бул ишенимдүү мамилени бекемдеп, жаңы демилгелерди биргеликте ишке ашырууга даярбыз”, — деди ал.
Адылбек Касымалиев сыйлык ээлерине сыйлыгы менен куттуктап, ар бир долбоор дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды шыктандырып жатканын белгиледи.
“Бул долбоорлордун ар бири өзүнчө уникалдуу. Бирок алардын баары бирдиктүү максатка — архитектураны өзгөртүүнүн жана жаңылануунун куралына айландырууга багытталган. Алар коомду бекемдөөчү, жарандар ортосундагы биримдикти чыңдоочу фактор катары кызмат кылып, муундарды жана баалуулуктарды бириктирген символдорго айланат.
Ошондой эле бул долбоорлор салттуу архитектура менен заманбап тенденциялардын ортосундагы көпүрө болуп, улуттук өзгөчөлүктү сактап, ошол эле учурда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жаңы чөйрөнү түзүүгө өбөлгө берет. Архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгы мындан ары да бүткүл адамзат үчүн үмүттүн, чыгармачылыктын жана түшүнүктүн символу болуп калсын”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Маалымат үчүн:
Архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгы 1977-жылы маркум Ханзаада Карим Ага Хан IV тарабынан калктын олуттуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн коомдордун муктаждыктарын жана каалоолорун натыйжалуу чечкен архитектуралык чечимдерди аныктоо жана сыйлоо үчүн түзүлгөн. Сыйлык берүү түзүлгөндөн бери сыйлык менен 136 долбоор белгиленип, 10 миңден ашык архитектуралык демилгелер документтештирилген. Архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгына тандоо процесси адамдардын физикалык, социалдык жана экономикалык муктаждыктарын гана канааттандырбастан, ошондой эле алардын маданий умтулууларын колдоого, өнүктүрүүгө жана шыктандырууга багытталган долбоорлорго багытталган.