Ушул жылдын сегиз айында чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 243 миллард 51.7 миллион сомду түздү.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 миллиард 332.5 миллион сомго көп. Анын ичинде республикалык бюджетке 165 млрд 234,7 млн сом түшкөн. План 7 миллиард сомго ашыгы менен аткарылды.