Баткенде чек ара окуяларында курман болгондор эскерилди
Новость Баткендеги эскерүү митинги. Ак-Татыр айылы, 16-сентябрь, 2025.

Быйылкы эскерүү иш-чарасы Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалында өттү. Ага Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов, район акими Данир Иманалиев жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

Алгач чек ара окуяларында баатырларча курман болгон жарандардын эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып Куран окулду.  Ушундай эле иш-чара Лейлек районунун Раззаков шаарында дагы өтүп, район акими Асылбек Жеңишбек баштаган жергиликтүү жетекчилер, чек ара окуяларында шейит кеткендердин жакындары катышты.

 Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе Баткенде эки жыл катары менен чыр чыгып, эки өлкө ортосундагы куралдуу кагылышууларга айланып кеткен. 2021-жылы апрель айындагы чек ара жаңжалында 36 кыргызстандык курман болсо, 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган. Ал 75 жарандын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.