Өзгөндө 150 миң сом пара талап кылган тергөөчү кармалды
Новость

Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты 150 миң сом пара талап  кылып, анын 50 миңин алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап кылган. 

Тергөөчү 14-сентябрда 50 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына камалды