Айпери Медет кызы атаандашын 10:0 эсебинде утуп алды (видео)
Новость

Хорватияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Айпери Медет кызы түркиялык балбан Элмира Ясин менен беттешип, чейрек финалга  чыкты.

Ал 1/8 финалда 76 кг салмакта күч сынашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Айпери Медет кызы 1/4 финалдык баскычта америкалык балбан Кайл Уокер менен кез келет.