2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөт. Бул тууралуу UTRK.KG сайтына бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр ююндарынын катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, оюндардын ачылыш аземи 31-августта Бишкекте, финалдык жабылуу аземи — 6-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Дал ушул Ысык-Көлдүн жээгинде Көчмөндөр оюндарынын башкы иш-чаралары: спорттук мелдештер, маданий оюн-зооктор жана илимий талкуулар өткөрүлөт.
Токсондон ашуун өлкөдөн катышуучулар жана коноктор күтүлүүдө. Оюндар Кыргызстанды дүйнө элинин маданий диалогу үчүн өзгөчө эл аралык аянтча катары дагы бир жолу таанытат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн. Андан кийин 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.