7-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20° болот.