Медакадемиянын окутуучусу 150 миң пара алып жаткан жеринен кармалды
Новость

УКМК тарабынан Кылмыш-Жазык кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (ири өлчөмдө опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Иса Ахунбаев атындагы КММАнын окутуучусу студенттерден 10 миң сом  пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Маалыматка ылайык, кармоо учурунда усул канада окуу жайдын студенти болгон. Тинтүү учурунда анын жанынан 100 миң акча табылган. Ал суракта акчаларды өзү окуган тайпадагы студенттерден чогултулганын, ошондой эле алдыдагы кышкы сессия мезгилиндеги экзамендерди оң жагына тапшыруунун кепилдигин камсыз кылуу максатында акчаны окутуучуга берүүнү көздөгөндүгү тууралуу көрсөтмө берген.

Буга чейин, окутуучу кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачетторду тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп салаарын айтып коркуткан.

Мындан тышкары ал студенттер менен иш жүзүндө сабактарды өткөрбөгөн жана бекитилген окуу планын толук аткарган эмес жана пара алуу максатында студенттердин экзамендик упайларын атайылап төмөндөткөн.

Ыкчам иликтөөлөрдүн жыйынтыгында окутуучу Кылмыш-Жазык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК тарабынан окуу жайдын окутуучулук курамынын жана администрациясынын арасынан аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды аныктоо, ошондой эле бул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча баардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.