Сокулук районунда түп-тамырынан бери жаңыланган жаңы стадион колдонууга берилди. Бул спорттук объект өлкөдө курулуп жаткан ден соолукту чыңдоочу заманбап комплекстердин катарын толуктайт.
Ачылыш салтанатына УКМК төрагасы жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев мамлекет спортту өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатканын белгилеп, жаш спортчуларга көрсөтүлүп жаткан колдоо өз жемишин берип жатканын айтты.
“Биздин кыргыз футболу дүйнөлүк деңгээлге чыгат. Себеби кыргыз элибиз даңктуу, барктуу жана тарыхы бай эл. Жаштарыбыз жигердүү, акылдуу жана балбан. Ошондуктан кыргыз футболчулары дүйнөлүк чемпионаттарга катышат деп ишенем”, — деди УКМК төрагасы.
Жаңы спорт комплекси 1962-жылдан бери иштеп келген эски стадиондун ордуна курулган. Анын сыйымдуулугу 2 200 көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Талаага жасалма чөп төшөлүп, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулган.
Мындан тышкары, комплекс аймагында футзал аянтчасы жана күрөш боюнча машыгуу залы да жайгашкан. Спорттук иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөн — кийим алмаштыруучу жайлар, административдик жана функционалдык бөлмөлөр, VIP-лобби, ошондой эле медиа өкүлдөрү, расмий коноктор жана калыстар үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган.
Объекттин курулушу мамлекеттик каржылоо эсебинен жүргүзүлүп, ага 216 миллион сом жумшалды.