Талас облусу боюнча 25 ири долбоор ишке ашырылып жатат.
Алардын ичинен Улуттук “Манас Ордо” комплекси, Талас шаарындагы Нуржанов аллеясы, “Чыңгыз Ааламы” борборун куруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишкана, асфальт, темир-бетон заводдорун куруу, кийм тигүү фабрикасын салуу сыяктуу ири долбоорлор каралган.
Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 5 млрддан ашуун каражат бөлүнгөнүн Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктүү өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Каражаттар негизенине республикалык бюджеттен, президенттин фондусунан, өнүктүрүү фонддорунан жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен каралган.
Маалыматка ылайык ишке ашырылып жаткан долбоорлордун 70% туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.