Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча опузалаган факты боюнча кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, мурдагы кызматкер шериги менен биргеликте бизнес өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, өздөрүн УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев менен тыгыз байланышы бар адамдар катары тааныштырган. Алар кылмыш ишин токтотуп беребиз деген шылтоо менен 200 миң доллар алган.
10-октябрда жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жүрүшүндө шектүүлөр кармалып, Жазык-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.