Тыгындан тажадыңызбы? Ден Сяопина көчөсү жуманын аягында ачылат
Новость

Бишкектеги Ден Сяопина көчөсүндөгү оңдоо иштери ушул жуманын аягында аяктап, жол кайрадан айдоочулар үчүн ачылат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев “Ала-Тоо” телеканалындагы “Сөздөн ишке” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, көчөнүн бир тарабы гана быйыл толук бүткөрүлүп, калган бөлүгү кийинки жылга калтырылат.

“Ден Сяопина көчөсүн жай бою жасабай эми башташты деген сындар айтылып жатат. Бирок биз бир эле учурда 125 жолду оңдоп жатабыз. Ар бирин кезеги менен бүтүрүп жатабыз. Борбордук жолдордон баштап, четки аймактарга өттүк. Ошондуктан бул көчөгө кезек эми келди,” — деди мэр.

Жунушалиевдин айтымында, оңдоо иштерин этап-этабы менен жүргүзүү шаардагы тыгындарды азайтууга жана жол кыймылын жеңилдетүүгө багытталган.