Бүгүн, 14-октябрда “Биз таза Кыргызстан үчүн” акциясынын эстафетасы 7-каналдан Улуттук телерадио корпорациясына өткөрүлдү.
Иш-чара саат 11:00дө Байтик Баатыр көчөсү, 53 дарегинде жайгашкан 7-каналдын кеңсесинде башталып, катышуучулар электробус менен Жаш Гвардия бульвары, 59 дарегинде жайгашкан УТРКнын кеңсесине өтүштү. Жол жүрүүдө коомдук транспорттун маданияты жана катышуучулардын коопсуздугу өзгөчө эске алынды.
Катышуучулар УТРКнын кеңсесине жетип, “Биз таза Кыргызстан үчүн” символдук баштыкты тапшырды. Андан соң 7-каналдын кызматкерлери УТРКнын оңдоо иштерин көрүп, кеңсеге кыскаса экскурсия жасашты.
Акциянын негизги максаты – коомчулукка сергек жашоо образын жана экологиялык жоопкерчиликти көрсөтүү, коомдук жана электр транспортуна көңүл бурууну илгерилетүү, ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу экологиялык маданиятты жайылтуу.
Иш-чарага 7-каналдын кызматкерлери, УТРКнын жетекчилиги жана өкүлдөрү, журналисттер жана мобилографтар катышты.