Министр: Дарыгерлердин айлыгы өскөнү менен бейтапка орой мамиле дагы деле бар
Новость

“Дарыгерлердин айлык маянасы өсүп жатат, бирок бейтапка болгон мамилени жакшыртуу дагы зарыл”,- деп билдирди Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев УТРКнын “Эл үнү” көрсөтүүсүндө билдирди.

Министрдин айтымында, Саламаттык сактоо тармагында коррупция министрликтин деңгээлинде азайганын көп жылдан бери иштеп келе жаткан жетекчилер да белгилешүүдө. Бирок толук жок болду деп айтуу мүмкүн эмес, анткени дагы эле коррупциялык учурлар кездешет.

“Саламаттык сактоо тармагында коррупция министрликтин деңгээлинде азайды деп айта алабыз. Бул тууралуу көп жылдан бери иштеп келе жаткан жетекчилер да билдиришүүдө. Бирок коррупция толук жоюлду деп айтууга болбойт. Дагы эле кармалып калган учурлар кездешет. Муну жоюу үчүн биринчи кезекте дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү керек, экинчи — түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү зарыл. Дарыгерлердин айлык маянасы жыл сайын өсүп жатат. Учурда орточо айлык 20–22 миң сомду түзөт жана тажрыйба менен квалификациясына жараша болот. Ал эми өлкө боюнча орточо айлык 43 миң сомду түзөт. Ошол эле убакта дарыгерлер бейтаптарга болгон мамилесин жакшыртышы керек. Айрым учурларда орой мамилелер кездешет”,-деди министр Чечейбаев.