Нарын облусунда көмүрдүн баасы 10-октябрдан тартып 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул чечим көмүрдүн наркынын өсүшүн алдын алуу жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан кабыл алынган.
Буйрукка ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Нарын облусунун аймагында сатылуучу көмүрдүн максималдуу бааларын белгиледи.
Нарын облусу боюнча бир тонна көмүрдүн баасы:
· Нарын шаары – 6000 сом
· Нарын району – 6200 сом
· Ат-Башы району – 6400 сом
· Жумгал району – 4300 сом
· Кочкор өрөөнү – 5100 сом
· Ак-Талаа району (Долон ашуусу аркылуу) – 6800 сом
Ошондой эле Турук көмүр кенинен тартылган көмүрдүн баасы төмөнкүдөй болуп бекитилди:
· Ат-Башы району (Орто-Сырт ашуусу аркылуу) – 4200 сом,
· Нарын району жана Нарын шаары – 4600 сом,
· Ак-Талаа району – 3600 сом.
Бул баалар райондордун бардык айылдарын камтыйт. Көмүрдүн карьерден чыккан баасы, ташуу чыгымдары жана айылдардын аралыктык өзгөчөлүктөрү эске алынган. Белгиленген баадан жогору сатуу мыйзам бузуу болуп эсептелет жана тиешелүү чаралар көрүлөт.
Маалым болгондой, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече кениндеги көмүрдүн тоннасы 2460 сом, ал эми “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы казып алган Турук көмүрүнүн тоннасы жеринде 1800 сом деп белгиленген.
Буйрук бардык райондук мамлекеттик администрацияларга жана көмүр өндүрүүчү ишканаларга жөнөтүлдү. Баалардын сакталышын жергиликтүү бийлик органдары көзөмөлдөйт.