Үмүт берген операция: Кыргыз дарыгерлери бөйрөк алмаштырууда жаңы ыкмага өттү
Новость

Бишкекте бөйрөгү иштебей калган кезектеги бейтапка мамлекеттин эсебинен бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Дээрлик эки жылдан бери гемодиализге түшүп келген бейтапка бир тууган агасы донор болду. Бул жолу дарыгерлер органды жаңы ыкма — лапароскопия жолу менен алмаштырышты.

33 жаштагы Рустам аттуу бейтап операциядан кийин өзүн жакшы сезип, баскан-турганы тыңып калганын билдирди. Ал бөйрөгүнүн ооруп калганын эки жыл мурда билген. Өзүн жаман сезип, анализ тапшырганда дарыгерлер бөйрөк жетишсиздигин аныктаган. Гемадиализ менен жашап калган Рустамга операция ийгиликтүү жасалып, учурда реабилитация стадиясында турат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун маалыматына ылайык, борбордо Рустамды эсепке алганда бөйрөк алмаштыруу боюнча 76чы операция ийгиликтүү өттү. Бейтаптар операциядан кийин дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болот.

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу иши алгач чет элдик дарыгерлердин катышуусунда он жыл мурда башталган. Ал эми кыргыз адистери өз алдынча 2018-жылдан бери операция жасап келишет. Жакынкы убакта дарыгерлер лапароскопиялык ыкмага өтүп, ал аркылуу бешинчи ийгиликтүү операцияны аткарышты. Бул ыкма мурдагыга караганда бейтап үчүн жеңилирээк, тырмак изи аз жана айыгуу мөөнөтү кыска болот.

Мындан тышкары, Кыргыз-түрк достук ооруканасында да акыркы эки жылда 10 бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда өлкөдө гемодиализ алган эки миңге жакын бейтап бар. Ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Бул багытка жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат жумшалат. Ошондой эле бөйрөк алмаштыруу операциялары мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.