Расмий статистика кантип чыгат?
Новость

Кыргызстанда расмий статистика атайын методологиялардын жана бекитилген программанын негизинде чыгат. Бул тууралуу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 42 миңден ашык иштеп жаткан юридикалык жактардан отчёттер чогултулат. Ар бир тармак боюнча – айыл чарба, өнөр жай, кызмат көрсөтүү, соода-сатык жана башка тармактар боюнча атайын кызматкерлер иш алып барышат. Алар белгиленген формалар жана мөөнөттөр боюнча маалыматтарды кабыл алып, методологияларды иштеп чыгышат.

“Жыл сайын кийинки жылга карата статистикалык иштердин программасы бекитилет. Анда бардык тармактар боюнча отчёттуулуктун формалары, кайсы тармак кайсыл мөөнөттө жана ким тарабынан отчёт берилери бар”,-деди ал.

Бакытбек Шокенов расмий маалыматтар бир гана отчёттордон гана эмес, тандалма изилдөөлөрдөн да алынарын белгиледи. 

Маселен, турак жай, айыл чарба каттоолорунан жана салык менен министрликтер сыяктуу мамлекеттик органдардан алынган административдик маалыматтардан да кошулат.

“Учурда Улуттук статистика комитетинин  Бишкек менен Ошто эки башкармалыгы, ошондой эле шаар жана аймактарда 52 бөлүмү иштейт. Алар аймактардан юридикалык жана жеке маалыматтарды чогултушуп, бизге өткөрүп беришет

Бардык топтолгон маалыматтар Улуттук статистика комитетинин алдындагы Статистикалык изилдөөлөр жана Интеллектуалдык маалымат борборуна келип түшөт. Ал жерде маалыматтарды талдап, изилдеп иштеп чыгып, андан кийин коомчулукка расмий жарыяланат”,-деп билдирди Шокенов.