“АгроТехЭкспо–2025”: Эң мыкты район 100 миң сом менен сыйланат
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, “АгроТехЭкспо–2025” көргөзмөсүнүн алкагында жеңүүчүлөргө бир катар акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Быйылкы иш-чарада 6 номинация боюнча байгелер каралып, алар үчүн атайын байге фонду түзүлгөн.

 “Эң мыкты район” номинациясында:

  • 1-орунга — 100 миң сом,
  • 2-орунга — 80 миң сом,
  • 3-орунга — 50 миң сом берилет.

Жеңүүчүлөр кайра иштетүү, экспортко чыгуу, эл аралык стандарттарды колдонуу сыяктуу критерийлердин негизинде тандалат.

Мындан тышкары, “Алтын күз” азык-түлүк жарманкесинин катышуучулары да сыйлыктар менен сыйланат. Алар үчүн үч номинация боюнча — “Эң мыкты дыйкан”, “Эң мыкты фермер” жана “Эң мыкты экспозиция” — ар бирине 50 миң сомдон акчалай байге ыйгарылат.

Эске салсак, 17–19-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “АгроТехЭкспо–2025” көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтөт.