Баткендик багбандар кулпунайдан 34 млн. сом киреше тапты
Новость

Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айыл чарба кооперативи мамлекеттик фонддун жерин ижарага алып, интенсивдүү ыкма менен кулпунай өстүрүүдө.

Өткөн жылы багбандар 17 миллион сомго чейин киреше таап, 100 тоннадан ашык кулпунайды экспортко чыгарган болсо, быйыл бул көрсөткүч эки эсеге өсүп, 34 миллион сом киреше түшүп, 200 тоннадан ашык кулпунай Россия жана Казакстан мамлекеттерине экспорттолду.

Мындай ийгиликке жетишүүнүн негизги себептеринин бири — «3+2» программасынын алкагында жүргүзүлгөн иштер. Программа аркылуу айыл чарба адистери жердин абалын талдап, өсүмдүктөргө керектүү азыктарды так аныктап берүү сунуштарын беришкен. Натыйжада кулпунай талааларынын түшүмдүүлүгү кыйла арткан.

Мындан тышкары, кошуна дыйкандар да жердин анализи менен иштөөнү жана туура азыктандыруу ыкмаларын үйрөнүшүп, өз чарбаларында жакшы натыйжаларга жетишүүдө.
Бул тажрыйба аймактагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдө жана экспорттук потенциалды жогорулатууда үлгүлүү мисал катары каралууда.