Көмүр эмнеге 10%га кымбаттады? “Кыргызкөмүрдүн” жообу
Новость

Кыргызстанда көмүрдүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 7–10 пайызга жогорулады. Ошол эле учурда социалдык базалар көбөйүп, экспортко убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, баанын өсүшүнө мунай, логистика жана автоунаа кызматтарынын кымбатташы түздөн-түз таасир этүүдө.

Монополияга каршы кызматы быйыл көмүрдүн максималдуу бааларын бекиткенин билдирди. Азыр рынок абалы изилденип, өлкөнүн ар кайсы аймактарында социалдык базалар ачылып жатат. Бирок ага карабастан, социалдык тармактарда көмүрдүн баасы кескин жогорулап жатат деген маалыматтар тараган.

“Биздин кызматкерлер бул маалыматтарды анализдеп, көзөмөлдөп жатышат. Өзбекстанда эки жылдан бери газга чектөө бар. Ошондуктан алардын рыногу көмүргө муктаж болуп, Тажикстан менен чек ачылгандан кийин Сүлүктүдөн чыккан көмүрдүн баасы көтөрүлдү. Себеби көмүрдүн бир бөлүгү экспортко кетип жатат. Ал эми Кытайга майда көмүр жөнөтүлүүдө”, -деди ал.

Кайрат Маматов коңшу өлкөлөргө көмүр сатуунун убактылуу чектөөсү киргизилгенин кошумчалады. 

“Учурда коңшу өлкөлөргө кезек көмүрдү сатууга убактылуу чектөө киргизилип жатат. Максат – алгач ички рынокту камсыздоо. Эгер алгач өзүбүздүн керектөөнү жаппасак, суук түшкөндө ажиотаж чыгышы мүмкүн”.

Былтыр 75 социалдык база иштесе, быйыл алардын саны 90дон ашат деп пландалууда. Азырынча Бишкек жана Чүй облусунда 44 база ачылган.

Монополия кызматынын маалыматына караганда, көмүрдүн баасы былтыркы жылга салыштырмалуу 7–10 пайызга жогорулады.

“Мунун себеби — мунайдын, унаа тейлөө кызматтарынын жана логистиканын кымбатташы. Ошентсе да, аймактардагы баа кескин өзгөргөн жок,” — деди кызматтан.

Мисалы, Кара-Кече кени түндүк аймактарын камсыздап, акыркы эки жылда түштүк облустарда да суроо-талап күчөгөн. Былтыр “кара алтындын” баасы борбордо 5300 сом болсо, 5800 сомдун тегерегинде.

“Жарандарыбыз “эмне үчүн көмүрдүн баасы кымбат?” деп жатышат. Бул логистикалык чыгымдарга байланыштуу. Кара-Кече кенинен Ош жана Жалал-Абадга жеткирүүдө баа 8100 сомго чейин чыгат”.

Учурда көмүрдү сорттоочу комплекстер орнотулуп, пилоттук режимде иштей баштады. Жаратылыш ресурстары министрлиги менен биргеликте майда көмүрдү сатууга тыюу салынып, ышты азайтуу чаралары көрүлүүдө.

Мунун негизинде жакынкы күндөрү Бишкекке сапаттуу кезек көмүр гана жеткирилери белгиленди.