Бишкекте көмүрдүн баасын 6600 сомдон ашырып саткандарга чара көрүлөт
Новость

“Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Рустам Садыралиевдин айтымында, учурда көмүрдүн баалары аймактар боюнча айырмаланып турат.

 “Бүгүнкү күндө аймактарда баалар ар кандай. Монополияга каршы кызматы көмүрдүн максималдуу бааларын бекитип берди. Алсак, Бишкек шаарында Кара-Кече көмүрүнүн баасы 6600 сомдон ашпоого тийиш,” — деди Садыралиев.

Анын маалыматына караганда, “Кыргызкөмүрдүн” кампаларына көмүр 5800 сомдон коюлган. Азыр Бишкек шаарында 15ке жакын, ал эми Чүй облусунда 32ге жакын кампалар “Кыргызкөмүр” менен кызматташып иш алып барууда.

“Монополия кызматы биздин кызматташкан кампалардагы көмүрдүн баасын 5800 сом деп бекитип берген. Чүй облусунда баалар жол аралыкка жана автоунаа кызматтарына жараша өзгөрөт. Мисалы, Панфилов районунда баа 7200 сомдон ашпашы керек, ал эми Кемин районунда — 6000 сомдун тегерегинде,” — деди ал.