CyberSafe: Санариптик коопсуздук жана маалымдуулукту жогорулатуу программасы ишке кирди
Новость

C5+1 Жаштар кеңеши CyberSafe санариптик коопсуздук жана маалымдуулукту жогорулатуу программасынын ишке киришин жарыялайт. Бул демилге 60 англис тилинде сүйлөгөн студенттердин – 30 Кыргызстандын Оштон жана 30 Өзбекстандын Ташкент шаарынан –  киберкоопсуздук боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. 

Семинарлар 2025-жылдын 20–21-сентябрында Ош шаарында (Кыргызстан) жана 11–12-октябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан) өттү. Программа C5+1 Жаштар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан демилгеленген жана ишке ашырылган жаштар долбоору болуп эсептелет.

Борбор Азиянын эксперттеринин интерактивдүү семинарларынын жүрүшүндө катышуучулар олуттуу коркунучтарды жана коргонуу стратегияларды көрсөтүш үчүн реалдуу дүйнөлүк кейстерди колдонуп, практикалык билимин  жогорулатып жана көндүмдөрүн өнүктүрүп, кибердик тобокелдиктерди жана коркунучтарды аныктоону жана аларды азайтууну үйрөнүштү. C5+1 Жаштар кеңешинин долбоордук командасы семинарлардын катышуучуларын ачык конкурс аркылуу тандап алды.

“Бүгүнкү жаштар санарип дүйнө менен мурдагыдан да бекем байланышта, бирок бул аларды санариптик кооптуулуктарга көбүрөөк алсыз кылат. CyberSafe студенттерге өздөрүн жана коомчулуктарын интернетте коргоого мүмкүнчүлүк берип, коопсуз жана туруктуу санариптик коомдорду түзүүгө салым кошот”,-деп долбоор жетекчиси жана С5+1 Жаштар Кеңешинин мүчөсү, Айбийке Кубанычбекова билдирди.

С5+1 Жаштар Кеңеши жөнүндө

С5+1 Жаштар кеңешинин максаты – Борбордук Азия боюнча активдүү жана англис тилинде сүйлөгөн, «С5+1» программасынын артыкчылыктарын (тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика жана айлана-чөйрө, адамдар аралык байланыштар) илгерилетүү боюнча иш алып барган жаш лидерлердин регионалдык тармагын өнүктүрүү.

2016-жылы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги «С5+1» Жаштар Кеңешин негиздеген. C5+1» Жаштар кеңеши долбоору Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Жыл сайын жаңы мүчөлөр ачык конкурс негизинде тандалып алынат. Ачык конкурс төмөнкү этаптардан турат: анкета карап чыгуу, маектешүү, ар түрдүүлүктү эске алуу жана Жаштар Кеңешинин максаттарына болгон чын ыкластуу кызыгуу. Азыркы учурда «С5+1» Жаштар Кеңешинин курамында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандан келген 49 мүчө жана 186 бүтүрүүчү бар.

Бизди социалдык тармактардан табыңыз:

Facebook:facebook.com/youthcouncil
Instagram:instagram.com/youthcouncil_ca
YouTube:youtube.com/@youthcouncil_ca
Telegram:t.me/youthcouncil_ca
LinkedIn:linkedin.com/school/с5-1-youth-council

ЖМК өкүлдөрү байланышуу үчүн:

Айзада Нурадильева
C5+1 Жаштар Кеңешинин PR-адиси
Email: nuradileva_a@auca

 

IMG_4473.jpg 1.36 MB