Өлкө боюнча 44 курулуш компания кара тизмеге кирди
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы тарабынан учурда 44 курулуш компаниясы кара тизмеге киргизилген.

Анын негизги себептери:

• курулуш-монтаж иштерин аткарууда лицензиялык талаптарды жана курулуш ченемдерин одоно бузуу;

• берилген лицензиянын шарттарын аткарбоо;

• мамлекеттик органдардын эскертүүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө жооп бербөө;

• курулуш тармагындагы мыйзам бузуу фактыларынын кайталанышы.

Мындай компанияларга эскертүү берилгенден кийин 90 күн ичинде кемчиликтерди жоюп, тиешелүү талаптарга жооп берген шартта кара тизмеден чыгарылууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса, компаниянын лицензиясы сот аркылуу жокко чыгаруу процесси жургүзүлөт

Компаниялар тууралуу маалыматты министрликтин расмий сайтындагы башкы бетте жайгашкан “Берилген лицензиялардын реестри” бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.