Нарында заманбап үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу башталды
Новость

Нарын шаарында 50 миңден ашык бейтапты тейлей ала турган жаңы облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушу башталды. Объект үчүн жалпы аянты 1500 чарчы метр болгон, Ленин көчөсүндөгү мурдагы кургак учук ооруканасынын орду берилди. 1953-жылы курулган эски имарат бузулуп, анын ордуна жаңы медициналык борбордун пайдубалына капсула салынды.

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери катышты. Министрдин айтымында, мамлекет саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, алыскы аймактарда да жаңы мекемелерди куруу аркылуу элдин саламаттыгына кам көрүүдө. Ошондой эле ал дарыгерлерди бейтаптарга аяр мамиле кылууга жана жемкорлуктан алыс болууга чакырды.

Жаңы имарат “Ак-Сафа борбору” коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен жер төлөсү менен кошо төрт кабат болуп курулат. Анда 50гө жакын дарыгер үчүн заманбап жумуш орду жана бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуш аяктагандан кийин борбор толук эмерек жана керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Объектти 2026-жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.