Ички жана сырткы миграцияны кыскартуу, турак жай маселесин жеңилдетүүгө негизделген мамлекеттик саясаттын алкагында Ош облусунун Өзгөн районунда 2 даректе ипотекалык турак жай комплекстеринин курулушу жүрүп жатат. Райондо жалпы жонунан 24 көп кабаттуу турак үйдө 1650 батир пайдаланууга берилет.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан 1-турак жай комплекси 6,5 гектар аянтты ээлеп, 5 кабаттуу 17 блоктон турат. Жалпы 1100 батир каралган. Ал эми экинчи объект — Мырза-Аке айыл аймагында курулууда. Бул жерде 7 блоктон турган, 12 кабаттуу 560 батирлүү турак жай комплекси салынууда.
Эки даректе тең курулуш иштери тыкыр көзөмөлдө болуп, сапатына тынымсыз мониторинг жүргүзүлүүдө. Келерки жылдын күз айларында пайдаланууга берилчү үйлөр толук жашоого даяр абалда тапшырылат.
Мектеп мугалими Жазгүл Тешебаева ипотекалык программага катышуу үчүн кезекке турган жарандардын бири:
«Шарттары менен тааныштым. Бизге окшоп айлык менен жашагандар үчүн абдан ыңгайлуу экен. Көп жылга, баштапкы төлөмсүз берилет экен. Ошого кезекке турдум», — дейт ал.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Өзгөн районунда турак жайга жана жер участогуна муктаж болгондордун саны 40 миңге чукул. Акимчилик учурда дагы үч-төрт жаңы локацияда ипотекалык комплекстерди куруу үчүн жер тилкелери аныкталганын билдирет.
Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан бул үйлөр “Менин үйүм” программасынын алкагында 4–8%дык чен менен 25 жылга чейин бөлүп төлөө шарты менен берилет. Батир алууну каалагандар электрондук түрдө кезекке тура алышат.