1-январдан тарта кафе жана ресторандарда тейлөө кызматы үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынат. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта бардык чыгымдар тизмеде көрсөтүлгөн негизги баага кошулууга тийиш. Акыркы эсеп-фактура дагы тамактын баасы менен дал келиши шарт.
Ошондой эле кафе-ресторандар токтом күчүнө киргенге чейин жаңы талаптарга ылайык өз ишин тууралап чыгышы керек. Мындай жаңы эреже негизсиз алынган же жашырылган төлөмдөрдүн практикасын жоюуга багытталууда. Муну менен эле катар, кафе-ресторандын кызматкерлери керектөөчүлөргө тамактын акыркы наркы жөнүндөгү толук жана так маалыматты тапшырыкты алганга чейин бериши керек болот.