Япония Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн колдоого даяр
Новость

Бүгүн, 17-октябрда, «Биринчи радионун» «Вектор» уктуруусунда Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки түз эфирде маек берди.

Эфир учурунда кыргыз-япон кызматташтыгынын негизги багыттары — экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба, экология жана билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлор тууралуу сөз болду.

Айрыкча гуманитардык жана маданий алмашууга, ошондой эле кыргызстандык студенттер үчүн Японияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Года Хидэки Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, Япония мындан ары да Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн, модернизациясын жана эл аралык өнөктөштүгүн колдоого даяр экенин билдирди.