Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө шаар жана райондордогу архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттар курулууда.
18-октябрда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чоң-Алай райондук башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Буга чейин райондук башкармалыктын кызматкерлери эски жана талапка жооп бербеген имаратта иштеп келген. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.
Белгилей кетсек, Курулуш министрлигине караштуу жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы административдик имараттар салынып жатат.