Ак илбирсти коргоо – жалпы милдет! Маалымат бергендерге 1 млн сый акы берилет
Новость

Кыргызстанда болжол менен 511 ак илбирс бар. Бул тууралуу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, ак илбирстер адам бара албаган, жетүүсү кыйын аймактарда жашагандыктан, алардын так санын аныктоо өтө татаал.

“Ак илбирсти эсептөөдө мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Короодогу койду саноодо да жаңылып калабыз, жапайы жаныбарды эсептөө андан да оор. Алар адам жетпеген жерлерде жашашат, байкоо жүргүзүү кыйын”, — деди Мамбеталиев.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда ак илбирсти аткандар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн — мурда айып пул 1,5 млн сом болсо, азыр 2 млн сомго жеткен. Ошондой эле айыптын 50 пайызы ак илбирсти аткандар тууралуу маалымат берген жаранга сый акы катары төлөнөт.

Дүйнө жүзү боюнча ак илбирстердин жалпы саны болжол менен 4,5 миңден 7 миңге чейин жетет.