200 млн карыз жоюлду: Тамтыгы чыккан “Дан” ишканасы кайра жанданды
Новость

Кара-Балта шаарындагы “Дан” мамлекеттик ишканасы 30 жылга жакын токтоп турган соң, кайрадан жанданды. Союз убагында өлкөдөгү эң алдыңкы ишканалардын бири болгон бул завод азыр заманбап кесме жана китлап өндүрүүчү цех катары ишин тесттик режимде баштады.

Бул үчүн Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 млрд сомдун ичинен 100 млн сому жумшалган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 200 млн сомдон ашык карызы жоюлуп, имараттар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

30 жыл бою каралбай, талкаланган имарат менен чириген жабдуулардын ордуна азыр дүйнөлүк стандарттагы жаңы технологиялар орнотулду. Заводдо көп кабаттуу тегирмен комплекси, макарон жана мал тоюту өндүрүүчү үч ири цех даярдалды.

Ишкананын башкы директору Болот Исмаиловдун айтымында, тез даярдалуучу кесме чыгаруучу линия толук ишке киргенде айына 1400 тоннага чейин продукция өндүрүлөт. Алгачкы тесттик партияда уй жана тоок этинен жасалган эки түрдөгү кесме чыгарылууда. Завод ишке кирсе 80ге жакын адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот.

Ишкананын технологиялык жабдуулары Кытайдан алынып келип, ал жактагы инженерлер адистерди окутуп, өндүрүштү жолго коюуга жардам берүүдө. “Бул — дүйнөлүк макарон өндүрүүчүлөр колдонгон кубаттуу жана сапаттуу линия. Бардык жабдуулар эл аралык стандарттарга жооп берет”, — дейт инженер Лиан Ли.

Завод экологиялык талаптарга ылайык иштелип чыккан. Анда түтүн чыкпаган пар берүүчү системалар орнотулган. Учурда “Дан” ишканасынын бош турган башка объектилери да калыбына келтирилип, ун комбинаты жана тоют цехи кайра иштей баштады.

Келечекте ишкананын базасында заманбап нан, кондитер жана минералдык суу өндүрүүчү цехтерди ачуу пландалууда. Өлкө башчы Садыр Жапаров белгилегендей, “Дан” ишканасы Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү өндүрүш борборуна айланмакчы.