Бүгүн, 23-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунда болуп, Баетов айылына курула турган райондук коомдук-маданий борбордун курулушуна капсула салды.
Борбор үч кабаттан туруп, бардык шарттар түзүлөт. Анын жалпы сметалык наркы 150 миллион сомго бааланып, каражат Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнөт. Коомдук-маданий борбордо китепкана, кинотеатр, маданият бөлүмү орун алып, жергиликтүү тургундардын эс алуусуна шарттар түзүлөт. Ошондой эле балдардын оюн-зоок аянтчасы орун алат.






