Нарын райондук электр тармактар ишканасынын имараты ачылды
Новость

Нарын райондук электр тармактар ишканасына заманбап бардык шарты камтылган үч кабаттуу имараттын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Имараттын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, кызыл тасмасын кести. 

Атайын кызматтын төрагасы электр тармактары буга чейин каралбай калганын айтып, облустагы бардык электр тармактар ишканаларынын имараттарын жаңылап, бардык шарттарды түзүп берүүнү тапшырды. Ошондой эле элди кыштан аман-эсен алып чыгуу зарылдыгын белгилеп, энергетиктердин ишине ийгиликтерди каалады.

Буга чейин энергетиктер иштеп келген имарат эскилиги жетип, талаптарга жооп бербей калган. Заманбап архитектуралык талаптарга жооп берген административдик имараттын курулушу апрель айында башталып, алты айдын ичинде толук бүтүп, пайдаланууга берилди. 

Инженердик-техникалык жана өндүрүштүк бөлүмдүн кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, байланыш каражаттары жана кеңсе техникалары менен жабдылган имарат энергетиктердин ишинин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө болот. Имараттын ичин жана сыртын кооздоодо энергия үнөмдөөчү  материалдар жана заманбап жасалгалоо ыкмалары колдонулган. Курулушка “Кыргызстан улуттук электр тарамактар” ишканасынын өздүк каражатынан 55 миллион 250 миң сом жумшалды. 

Мындай обьектинин ишке берилиши облустук энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууда, электр жарыгын сапаттуу жана үзгүлтүксүз берүүгө, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жакшыртууда маанилүү кадам. 

Белгилей кетсек, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында мындай имараттар Ат-Башы жана Жумгал электр тармактарына дагы курулууда.  Мындан тышкары Кочкор районуна темир-бетон ишканасы ремонттук цех, Ат-Башы жана Нарын райондоруна 110/35/10 кВ көмөк чордон менен быйыл Нарын облусунун энергетика тармагында 8 объекти куруу пландалган.