Өрттөн каза болгон эне менен балдардын сөөгү жерге берилди
Новость

Ош шаарында болгон өрт кырсыгынан каза болгон 6 адамдын сөөгү акыркы сапарга узатылды. 

Маалым болгондой, балдардын атасы таң эрте Түштүк Кореядан келип, маркумдарды жерге берүү зыйнатына катышты. 

Жаназага шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев да катышып, үй-бүлөсүн жоготкон атага көңүл айтып, маркумдардын жакындарына зарыл болгон бардык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.