Бүгүн, 23-октябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин Турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна алынган атайын техникаларды тапшырды.
Иш-чарада УКМК төрагасына Президенттин иш башкаруучусу К.Туманбаев техникалар тууралуу маалымат берип, алар менен таанышты. Белгиленгендей, Президенттин Турукташтыруу фондунан районго 110 млн сом бөлүнүп, жалпы 13 техника алынуу пландалган. Бүгүн 6 айыл чарба жана атайын техника келип, УКМК төрагасы тарабынан тапшырылды.
К.Ташиев жергиликтүү тургундарга кайрылып, аймактагы социалдык маселелерге токтолду. Ал жаңы төрөт үйү, спорт комплекси камтылган футбол аянты жана ипотекалык үйлөрдүн курулушу пландалып жатканын белгиледи. УКМК Төрагасы ошондой эле аймактардагы социалдык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн мамлекет тарабынан зарыл шарттар түзүлүп жатканын айтты.






