Акыркы изилдөөлөр жана санжырачылардын билдирүүсү боюнча, биздин тарыхыбыз үч миң жылдык гана эмес, мүмкүн 7 миң жылга чейин жетет. Бул тууралуу Биринчи радионун “Жаңы багыт” түз уктуруусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Мамлекеттик катчынын айтымында, СССР убагында жашаган элдердин жана башка саясий шарттарда кыргыздар, түрк жана славян элинин тарыхы боюнча маалыматтар чектелген.
“Акыркы күндөрү көп изилдөөлөрдү жана маалыматтарды окуп, бир ойго келдим. СССР убагында жана башка саясий шарттарда жашаган кыргыздар, түрк жана славян элинин тарыхы боюнча маалыматтар чектелген. Кандайдыр бир күчтөр тарыхты бурмалап, бизден терең катып койгон болушу мүмкүн. Бул катылган тарыхты азыркы жана келечектеги тарыхчылар бардык окуяларды адилеттүү изилдеп, элден жашырылган фактыларды ачыкка чыгарат деп үмүттөнөм. Биздин тастыкталган 3 миң жылдык тарыхыбыз бар. Бирок, санжырачылар кыргыздардын тарыхы 7 миң жылдык деп айтып жүрүшөт”,-деп билдирди катчы.