Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебине караштуу күрөш залы курулду. Анын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, кызыл тасмасын кести.
Салтанатта ал спорт мектептин ачылышы менен жергиликтүү элди куттуктап, келечек муунду жаман адаттардан сактап, дени сак, билимдүү, ынтымактуу муун тарбиялоого заманбап шарт түзулгөнүн белгиледи.
Эки кабат болуп салынган спорт комплекстин биринчи кабатында күрөшүү үчүн зал, чечинүүчү, жуунучу жай, медициналык бөлмө жана машыгуучу зал жайгашкан. Ал эми экинчи кабатында машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр бар.
Спорт комплекс жеке ишкер тарабынан салынып, анын курулушуна өткөн жылдын 4-ноябрда Камчыбек Ташиев капсула салган.
