Нарын шаарындагы реконструкциядан өткөн автобекет пайдаланууга берилди.
Нарын облусундагы иш сапар алкагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөн бекетти көрүп чыкты.
Ал элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, шарт түзүү жана тейлөө башкы максат экенин белгилеп, заман талабына жооп берген шарттары бар автобекет башка аймактарда жок экенин айтып, жакшылап колдонуу зарылдыгын кошумчалады.
Вокзалды капиталдык оңдоо долбоору Президенттин иш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, ага Президенттин турукташтыруу фондунан 53 млн сом бөлүнгөн.
Ичинде жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттары түзүлүп, жылууланып, атайын кондиционерлер коюлган. Ошондой эле экинчи кабатында алыстан келген айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган. Мындай шарттар тейлөө кызматын жакшыртат деп күтүлүүдө.