“УТРК НАРЫН” облустук телерадиокомпаниясына жаңы имарат курулат
Новость

Улуттук телерадиоберуү корпорациясына караштуу “УТРК НАРЫН” облустук телерадиокомпаниясына жаңы имарат куруу пландалууда.

Нарынга иш сапар менен келген Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге аталган облустук телерадиокомпаниясынын жетекчиси Каныкей Жунусова учурдагы имараттын эскилиги жана авариялык абалы тууралуу иш сапар учурунда айтып, көйгөйдү түшүндүргөн.

Атайын кызматтын башчысы жеринде маселени чечип, облустук телевидение үчүн жаңы имарат курууну Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине тапшырды. Курулушка каражат Президенттин турукташтыруу фондусунан бөлүнөт.

Нарын облусундагы жалгыз телевидение 1952-жылы фин тибинде курулган имаратта 1998-жылдан бери иш жүргүзүп келет. 73 жылдык тарыхка ээ имарат авариялык абалда болгонуна карабастан, кызматкерлер жыл сайын утурумдук оңдоо иштерин жасап, облус калкын маалымат менен камсыздоого аракет кылып келишет. Кабарчылар тар бөлмөлөрдө иштешет, чатырдан тамчы түшүп, иштөө шарттары өтө кыйын.

Эскерте кетсек, облустук телеге жаңы имарат куруу боюнча долбоор 2020-жылы даярдалган. Бул кадам “УТРК НАРЫН” телеканалынын өнүгүүсүнө жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө чоң өбөлгө болот.