Ошто кытайлык көз дарыгерлери 317 бейтапка акысыз операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 11–22-октябрь күндөрү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытайдын көз дарыгерлери «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында иш алып барышты.
Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын түштүк аймагындагы калкка, өзгөчө катаракта жана глаукома менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү.
Эки жуманын ичинде кытайлык адистер тарабынан 317 бейтапка акысыз операциялар жүргүзүлдү. Ар бир операциянын наркы орточо 100 миң сомдон ашат, бирок бардык чыгымдар Кытай тарабынан толугу менен каржыланды.