Бишкек шаарынын жаңы башкы планы шаар курулушунун тартибин түп-тамырынан өзгөртөт. Мурдагы документте жеке менчик турак үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу имараттар курууга мүмкүнчүлүк болсо, жаңы планда мындайга тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Азирет Азимов билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим дүйнөлүк тажрыйбага негизделген. Акыркы 5–10 жылда башкы планды бузуу учурлары көп катталып, курулуштар ар кайсы жерде башаламан салынган. Жаңы башкы планда мындай көрүнүштөргө жол берилбейт.
Мындан тышкары, коомдук транспорттун түрлөрү да кыскартылууда. Эгер мурда 6–7 түр каралган болсо, эми 2–3 гана негизги транспорт түрү сунушталууда. Алардын бири — трамвай.
Эске салсак, башкы план 24–25-декабрь күндөрү коомдук талкуудан өтөт. Угуулар төмөнкү даректерде болот:
- Чүй проспектиси, 168А (Ленин жана Биринчи май райондору үчүн);
- Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын жыйындар залы;
- Үсөнбаев көчөсү, 200/1 (Свердлов району).