Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык администрациянын кызмат адамдары тарабынан Шамалдуу-Сай, Теңдик, Чуют-Сай жана Ноокен районунун Кызыл-Алма айылдарындагы муниципалдык жер тилкелери жакын туугандарына жана байланыштары бар адамдарга мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп берилген.
Мында жасалма аукциондор өткөрүлүп, жерлер арзандатылган баада сатылганы аныкталган. Натыйжада муниципалдык бюджетке олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, темир жолдун боюндагы суу жана санитардык коргоо тилкесинде да коммерциялык объектилер үчүн жер бөлүү фактылары табылган.
Бул иштер боюнча Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри жана Муниципалдык менчик департаментинин директору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда башка кызмат адамдарынын да катыштыгын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүүдө.