Фондулук биржалардагы туруксуздук. Доллардын ордун биткоин басабы?
Новость

Доллар алсырады. Бирок онлайн биржаларда биткоинге болгон талап өстү. Bitcoin курсу 2,46 %га, Исириэм 7,15 %га кымбаттап,  бир биткоин монета 4 108,26 долларга чыкты. 

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү крипто базарынын капитализациясы 19 миллиард долларга чейин төмөндөгөн кеткен болчу. Курч коррекциядан кийин, азыр баалар кайра калыбына келе баштады. Бул инвесторлор крипто базарга кайра кайтып, кирүү үчүн ыңгайлуу жолдорду көрө баштаганынан кабар берет. 

Мындан тышкары, ири институционалдык инвесторлор Bitcoin’ге болгон инвестицияларын көбөйтүүнү улантууда. Бул альтернативдүү актив катары дүйнөдө криптовалюталарга кызыгуу күчөп жатканын көрсөтөт. Учурда алтын баасынын айланасындагы өзгөрүүлөр биткоиндин баркын кыйла көтөрүп койду десек болот. Айрым экономисттер биткоин алдыда доллардын ордун басат. Үчүнчү тарапка байланбаган технологиялык акча, биткойин, блокчейндер менен капиталды сактоо жана валютаны айлантуу алда канча долларга караганда жеңил болот. Технология күч алган сайын биткоин жана криптовалютанын активи дагы да өсөт. Бул санарип акча долларды келечекте сындырат деген анализ, пикирлерин жарыялап келет.  

Биткоиндин доллардан негизги артыкчылыгы бул технологиялык блокчейн. Блокчейн трансакциялары эч кандай үчүнчү тарапка байланбайт. Валюта алмашуу өтө тез, коопсуз жана  ыкчам жүрөт. Дал ушул өзгөчөлүгү менен биткоин  жеке инвестор, акчалуу ири компанияларды өзүнө тартып турат.  

Доллар албетте бул санарип пулга салыштырмалуу, биз колго кармай алган традициялык акча. Миңдеген жылдык тарыхы бар, дүйнөлүк валюта базарын өзүнө иреттүү байлап алган система. Канчалык белдүү өлкө болсо да бир силкип, экономикасын жайгарып кое алган туруктуу валюта. Кээ финанисттер биткоин долларды алат дегендерди “кыялкечтер” деп атап, реалдуу эмес жомоктор сандар үчүн иштебейт деп билдирип келет. 

Негизи кандай гана финансылык операция болбосун биткоин менен доллар бири-бирине байланган. Бирок рыноктук динамикада биткоиндин наркы доллардын курсу менен белгиленет. Ток этээрин айтканда биткоиндин баркын доллар аныктайт. Баркыңды аныктаган нерсе сенин тагдырыңды чечет. Демек биткоинчилерге тагылган “кыялкеч” ордени азырынча реалдуудай көрүнүп турат.