Онлайн соода демекчи, акыркы учурларда биз көнүп калган базарларда түз сатуу салыштырмалуу басаңдап, үйдө, жылуу жумшак офисте отуруп акча тапкандар күн сайын тренд болуп баратат. Амазон, Вайлберс, Алибаба сыяктуу дүйнөлүк онлайн соода платформаларынын сатуу диапозону секунда санап өсүп турган чагы.
Маселен, Амазондун азыр 9,7 миллионго жакын сатуучу бар, алардын 1,9 миллиону онлайн платформада туруктуу кардарларын тапкан активдүү сатуучулар. Амазондун соодасы 2025-жылы 35%га өсүп, таза кирешеси 1,26 млрд доллардан, 1,68 млрд долларга өскөн. Вайлберстин соодасы да 3,5%га жогорулаган. Алибаба болсо таза кирешесин 2025-жылы таза пайдасын 251,93 млрд юандан ашырганга жетишти. Бул дүйнөлүк платформаларда башкалар сыяктуу эле Кыргызстанда отуруп акча тапкан жарандарыбыз да жок эмес. Онлайн соодадагы оомат. Миллиондорду мыкчыган кыргыз мырзалар тууралуу кесиптешим Кылымбек Кемелканов айтып берет.
Онлайн соода ооматы келген ишкер менен маектин толук версиясын биздин ютуб каналдан көрө аласыз. Түз шилтеме