Кыргызстанда алгач ирет крематорийлердин ишмердүүлүгү боюнча тартип иштелип чыкты. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды.
Мамлекеттик кадр кызматтары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда крематорийлердин иштөө тартибин, маркумдардын денелерин кремациялоо кызматын көрсөтүүнү, күл менен иш алып баруу, урналарды сактоо жана көмүү боюнча эрежелерди так аныктаган укуктук-нормативдик акт жок.
Ушуга байланыштуу бул токтомдун кабыл алынышы санитардык, экологиялык жана социалдык аспектилерди эске алуу менен ритуалдык кызматтарга заманбап мамилени калыптандырууда актуалдуу жана зарыл кадам болуп эсептелет.
Токтом долбоору крематорийлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу тартипти бекитүүнү сунуштайт.
Ал төмөнкү маселелерди камтыйт:
- маркумдардын денелерин кремациялоо кызматтарын уюштуруу жана көрсөтүү;
- маркумдардын денелерин кабыл алуу жана кремацияга каттоо тартиби;
- пландуу жана шашылыш кремацияны жүргүзүү тартиби;
- күл салынган урналарды берүү, сактоо жана көмүү тартиби;
- кремациялоого тийиш болгон анатомиялык калдыктар менен иш алып баруу;
- эсепке алуу жана отчеттуулук жүргүзүү (кремация жана урна берүү журналдары) жана башка тартиптер.
Атайын негиздеме маалыматта белгиленгендей, бул тартипти кабыл алуу республика аймагында крематорийлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу бирдиктүү механизмди түзүүгө, кремацияга байланыштуу ритуалдык кызматтарды ирээттөөгө, уруксатсыз ишмердүүлүктү жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушун алдын алууга, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына бирдиктүү стандарттарды киргизүүгө шарт түзөт.
Документ айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтуу, зыяндуу заттардын абага чыгарылышын кыскартуу жана калктын ден соолугун коргоого багытталган нормаларды камтыйт.
Мындан тышкары, токтомдо толугу менен күйүүгө ылайыктуу (картон, бамбук, жоогазын ж.б.) экологиялык табигый материалдардан жасалган табыттарды колдонуу сунушталган. Бул чара токой ресурстарын сактоого жана кремация кызматтарын арзандатууга өбөлгө түзөт.