Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСин ишке киргизди
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө “Кара-Көл” ГЭСинин расмий ачылыш аземинде катышты.

Гидроэлектростанция Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган жеринде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган. Станциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроагрегаты бар. 

Электр энергиясын жылдык орточо өндүрүү 104 млн кВт∙саатты түзөт, бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол менен 2,5%га азайтууга жана Кара-Көл менен Токтогул ГЭС Каскадын электр энергиясы менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Долбоор ата мекендик инвестор – «Жагалмай» ЖЧКсы тарабынан 25 млн АКШ долларына ишке ашырылган, ГЭС 15 жылдык пайдалануудан кийин мамлекетке өткөрүлүп берилет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Кара-Көл” ГЭСин ишке киргизүү Кыргызстандын энергетика тармагынын тарыхындагы маанилүү окуялардын бири экенин баса белгиледи.

“Кара-Көл” ГЭСинин курулушу — өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, аймакка туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле улуттук экономикабызды чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагындагы чоң жетишкендиктердин бири болуп эсептелет”, - деди Президент Садыр Жапаров.

Ал 2023-жылы Энергетика министрлиги инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны Министрлер Кабинети жактырып, бекитип бергенин эске салды.

Ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган. 

“Кара-Көл” ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. 

Натыйжада курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүткөрүлүп, бизди кубантып жатышат.

Албетте, бул – биздин адистердин, куруучулардын жана демилгечи тараптардын кесипкөйлүгүнүн, ынтымактуу аракетинин үзүрү”, - деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы учурда республикада улуттук масштабдагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Даярдык иштери башталды.

“Мындан сырткары азыр ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп, ишке берилсе, биз кышкысын импорт албай, өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө толук жетип калат. 

Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз. Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет”, - деди Мамлекет башчысы жана өлкө тургундарына кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу учурдагы кырдаалга сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырды.

Президент өз сөзүндө мамлекет акыркы жылдары “жашыл энергетиканы” өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса көрсөттү. 

Бул багытта инвесторлор үчүн бардык шарттар: туруктуу саясат, ачык-айкын жана адилеттүү чөйрө, өз ара ишенимге негизделген мамиле жолго коюлган. 

“Буга айкын мисал катары бүгүн ачылып жаткан “Кара-Көл” ГЭСин алсак болот. Долбоор толугу менен ата мекендик инвестор – “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишке ашырылды. Макулдашууга ылайык, компания ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң мамлекеттин менчигине өткөрүп берет”, - деди Президент. 

Ал энергетика тармагындагы ийгиликтүү долбоорлор мамлекет менен жеке сектордун ишенимдүү өнөктөштүгүнүн ачык мисалы экенин өзгөчө белгиледи. Ал энергетика Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү жана келечектүү тармак экенин, ал эми ата мекендик адистер тарабынан курулуп жаткан ар бир жаңы чакан ГЭС өлкөнүн энергетикалык дараметин бекемдей турганын ырастады. 

Мамлекет башчысы ишкерлерди жана инвесторлорду бул тармакты өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырып, мамлекет ишенимдүү өнөктөш болууга жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров Кара-Көл шаарынын активи менен жолугуп, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча тургундарды түйшөлткөн – көп кабаттуу турак жайларды куруу, стадион менен амфитеатрды реконструкциялоо, инженердик коммуникацияларды алмаштыруу, ошондой эле жаңы социалдык объектилерди куруу маселелерин укту. 

Мамлекет башчысы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча 10 га аянтта заманбап турак жай комплексин куруу боюнча долбоор ишке ашырыла турганын билдирди. 

Мындан тышкары, ал "Энергетик" паркын жаңылоо мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну, мектептерди жана бала бакчаларды куруу зарылдыгын кароону тапшырды. Бул аракеттер тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, шаардын мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кылынат.