Кыргызстанда сөөк коюу каада-салтка ылайык жүргүзүлөт
Новость

Кыргызстанда ар бир адам каза болгондон кийин өзүнүн керээзи боюнча каадаларды, салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын жана этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын жана салттарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү тутунган ислам дининде сөөктү жерге коюунун өзгөчө үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү жана эрежелери бар. Мусулмандардын мүрзөлөрүндөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнө да белгилүү талаптар коюлат.

Мусулмандардын сөөк коюу жөрөлгөсүнө “кремация” салтынын эч кандай тиешеси жок. Башкача айтканда, ал салттуу көмүүнүн ордун баспаган, болгону альтернативдүү форма болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын аймагында крематорийлердин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтом долбоорунун иштелип чыгышы — эртеңден тарта бардык адамдарды милдеттүү түрдө кремациялоо болот дегенди билдирбейт.

Бул документ кремацияны өз каалоосу менен тандаган жарандар үчүн гана мыйзамдык, санитардык жана уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыскача айтканда, кремация жакын туугандардын же көмүүгө жооптуу адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт жана макулдук берилмейинче, ал аракеттерди жасоого тыюу салынат.