Түркияда дагы катуу жер титирөө катталып, бир нече имараттар кыйрады
Новость

Түркиянын батышына жайгашкан Балыкесир провинциясында катуу жер титирөө катталып, эпицентрге жакын жайгашкан Сындыргы шаарында бир нече имарат урап түшкөнүн шаар мэри Догукан Коюнджу билдиргенин РИА новости жазып чыкты.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы Сейсмологдордун маалыматына таянып, жер титирөөнүн күчү 6,1 балл болгонун, жер титирөө Стамбулдан тартып бир катар провинцияларга чейин сезилгенин билдирди.

Учурда жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондор жок.