Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мунай зат өндүрүүчү жайдан өрт чыккан.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 09:47ден тарта өрт өчүрүүчү күжүрмөн топ тартылган. Жеринде 4 күжүрмөн эсеп иш алып барууда.