Анкарадагы “Түрк дүйнөсү” фестивалында кыргыз тасмасы финалга чыкты
Новость

Түркиянын борбору Анкарада 10-ирет “Түрк дүйнөсү” даректүү фильмдер фестивалы өтүп, студенттик даректүү тасмалар категориясында Кыргызстандан чыккан “Бир кол, миң түс” фильми финалга тандалды. Фестивалга 34 өлкөдөн 350дөн ашуун тасма катышкан.

Фильм УТРКнын кызматкери Бурулай Абибилаева тарабынан тартылып, көрүүчүлөргө чоң таасирин калтырды. Бурулай Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктагандан бери УТРКда эмгектенет.