Исхак Раззаковдун 115 жылдыгы белгиленди
Новость

Раззаков шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 115 жылдыгына арналган эскерүү иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрмек Иргебаев, Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Алгач коноктор Исхак Раззаковдун музейине барып, улуу инсандын өмүр жана эмгек жолу менен таанышты. Музейде анын жеке буюмдары, архивдик документтери, үй-бүлөсү жана замандаштары менен түшкөн сүрөттөрү, ар кандай сыйлыктары экспонат катары сакталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик ишмердин айкелине гүл чамбар коюлуп, арбагына багышталып куран окулду. Ошондой эле Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Исхак Раззаковдун өмүр жолу жана эл үчүн сиңирген эмгеги тууралуу сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Айбек Шаменов өз сөзүндө Исхак Раззаковдун Кыргызстанды кыйын кезеңден алып чыккан көрөгөч жетекчи, өлкөнүн социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык жана маданий өнүгүшүнө чоң салым кошкон, мекендин кызыкчылыгын ар дайым жогору койгон өзгөчө инсан экенин белгиледи.

Юбилейдин урматына шаар борборунда түндүк жана илегилек кушунун элеси түшүрүлгөн айлампа мунарасынын ачылышы болду. Мунаранын бийиктиги 20 метрди түзүп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган. Долбоордук баасы 4 миллион сом. Мунара кошумча жарыктандыруу менен камсыздалып, шаардын кире беришине орнотулган. Түндүк жана илегилек кушунун элеси тынчтыктын, биримдиктин жана эл ичиндеги ынтымактын символу катары кабыл алынат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик кызматта өзгөчө айырмаланган бир катар жетекчилер жана кызматкерлер Мамлекеттик кадр кызматынын “Отличник” медалы жана Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына арналган юбилейлик медалдар менен сыйланышты.

Бул эскерүү иш-чара залкар инсандын өрнөктүү өмүрүн, ак эмгегин жана эл үчүн калтырган мурасын кийинки муундарга үлгү катары жеткирүүгө багытталган.